Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу уюмдун Твиттердеги расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.