Жалал-Абад облусунда кооптуу тилкелерде жашагандарды көчүрүү башталды

Жалал-Абад облусунда кооптуу тилкелерде жашагандарды көчүрүү башталды.

 

“Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чара жазында жер көчкү, таш түшүү жана сел жүрүү коркунучу жогору болгондуктан, кырсыктарды алдын алуу максатында кабыл алынды.

 

Буга чейин маалым болгондой, Жалал-Абад облусунда 1 миң 170 үй-бүлө коопсуз тилкелерде жашайт. Алардын басымдуусу Сузак жана Базар-Коргон райондоруна туура келет.