Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Иш-чара 20-апрелде башталып, 25-апрелге чейин созулат.

 

Жумалык 20-апрелде саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш-чара менен башталат.

 

Музыка жумалыгын Маданият министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте өткөрүүдө.