Оштогу Раззаков атындагы мектептин курулушу быйыл аяктайт

Оштогу Раззаков атындагы мектептин курулушу быйыл аяктайт. Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, билим берүү мекемеси 720 окуучуга ылайыкташкан.

 

Мектептин жаңыдан курулуп жаткан имараты республикалык бюджеттен каржыланууда.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин курулуш каржы маселесинен улам токтоп турган.