Дүйнөнүн эң бай шаарлары аталды. Биринчи орунда Нью-Йорк турат

Дүйнөнүн эң бай шаарлары аталды. Биринчи орунда Нью-Йорк турат. Учурда бул америкалык мегаполисте 340 миң миллионер жашайт. Экинчи орунда Токио – 290 миң миллионер жана 285 миң миллионери менен Сан-Франциско калаасы үчилтикти бекитет.

 

Дүйнөнүн эң бай шаарларынын катарында ошондой эле Лондон, Сингапур, Лос-Анжелес, Гонконг, Пекин, Шанхай жана Сидней бар.

 

Белгилеп кетсек, 2040-жылга карата Сидней алдыңкы бешилтикке кириши мүмкүн – соңку 20 жылда бул шаарда миллионерлер тез көбөйүп жатканы байкалат.