Ошто Алишер Навои атындагы парктын жанындагы жашыл аймак көрктөндүрүлөт

Ошто Алишер Навои атындагы парктын жанындагы жашыл аймак көрктөндүрүлөт. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул жерде жөө жүрүүчүлөр жолчолору, фонтан, воркаут аянттар, скейт парктан жана башка атайын аймактар пайда болот.

 

Тиешелүү документтерди даярдоо аяктады. Иштер июнь айында башталат.