Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 85 чакырымы бир тараптуу кыймылга ачылды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 85 чакырымы бир тараптуу кыймылга ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, аталган тилкеде кечээ таштар кулап, жолду бууп калган. Жеринде дароо тазалоо иштери жүргүзүлүп, кечке маал трасса бир тараптуу ачылды.