Кытайлык аял ата-энесинин “кызы” болуп иштегени үчүн айына 570 $ айлык алат

40 жаштагы Кытайлык аял ата-энесинин “кызы” болуп иштегени үчүн айына 570 доллар айлык алат. Анын милдеттерине эне-атасын дүкөндөргө коштоп баруу, күн сайын кечинде кечки тамак даярдоо жана алар менен бийлегенге эртең менен бир саат бөлүү кирет.

 

Нианан аттуу аял буга чейин маалымат агенттигинде иштечү. Бирок кызматтык милдеттеринен улам 24 саат бою байланышта болушу керек болуп, дайыма стресске кабылган.

 

Ата-энеси ага кабатыр болуп, алар менен иштешүүнү сунушташкан. Натыйжада, аял сунушту кабыл алып, 15 жылдан бери иштеген жумушун таштап кетти.