Ленин округу боюнча депутатты шайлоодо 97 адам участоктон тышкары добуш берет

Ленин округу боюнча депутатты шайлоодо 97 адам участоктон тышкары добуш берет.

 

БШК эскерткендей, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө ден соолугуна байланыштуу же майыптыгынан улам келе албаган шайлоочулар, шайлоо күнү ооруканада жаткан же жабык жайлардагы жарандар укуктуу.

 

Орун-жайдан тышкары добуш берүү эртең болот. Шайлоонун өзү жекшемби күнү өтөт.

 

Эске салсак, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташка катышканы тууралуу видеотасма Интернетке тараган соң, мандатын тапшырып, депутаттык орун бош калган.