Өлкөдөн чыгууда көйгөй жаралбашы үчүн карызды алдын ала билип алса болот

Кыргызстандыктар өлкөдөн чыгууда көйгөй жаралбашы үчүн карызды алдын ала билип алса болот. Бул үчүн Сот департаментинин расмий сайтындагы «Карыздын абалын текшерүү» деген рубрикага кирүү керек. Андан кийин, 14 орундуу PIN кодду жазуу шарт. Эгер жыйынтык «Карыз табылган жок» деп чыкса, чет жакка чыгууда эч кандай көйгөй жаралбайт. Эгер карыздар же төлөнбөгөн айыптар бар болсо, жаран жашаган райондун сот аткаруучусуна кайрылуусу керек.

 

Кошумчаласак, учурда бардык карыздарды аэропорттон эле төлөөгө мүмкүндүк берүүчү автоматташтырылган системаны киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.