Килиан Мбаппе ПСЖдан “Реалга” бул жайда өтпөй калды

Килиан Мбаппе ПСЖдан “Реалга” бул жайда өтпөй калды. Чет элдик спорт басылмаларынын маалыматы боюнча, мадриддик клуб бул сезон аралыгында курамды күчтөндүүнү пландаган жок.

 

“Реалдын” жетекчилиги француз оюнчусу менен келишимге кышында кол коюу ниетинде. Эске салсак, ПСЖда 2018-жылдан бери ойноп келе жаткан Килиан Мбаппе келишимди узартпай, “Реал Мадридке” өтө турганын жарыялаган. Футболчунун трансфердик баасы 250 миллион еврону түзөт.