Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай кооптуу абал 6-июлга чейин сакталат.
Буга температуранын жогорулашы жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаан себеп. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.