Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 17-июлда старт алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 4 этап болот. Биринчиси 19-июлга чейин созулса, экинчиси 24-июлдан 26сына чейин.
Үчүнчү этап 31-июлда старт алып, 2-августта токтотулат, ал эми соңку төртүнчү этап 7синен 9-августка чейин жүргүзүлөт.
Арыздарды жана документтерди “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасына тапшыруу керек. Кабыл алуу эртең мененки саат 8де башталып, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.