Транспорт жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин Мамлекеттик салык кызматы рейддерди жүргүзө баштайт. Иш-чаранын алкагында салыктарды өз убагында төлөбөгөн жарандарга айып пул салынат.
Эске салсак, административдик жазанын өлчөмү жеке жактар үчүн 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт.
Транспорт, жер жана кыймылсыз мүлк салыгы 1-сентябрга чейин төлөнүшү керек.