Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт

Бишкекте троллейбус айдоочуларынын маянасы эки эседен ашык көтөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” троллейбус башкармалыгынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.

 

Анын айтымында, өсүш сентябрдан тарта 110 пайызды түзөт. Учурда айдоочулар 22 миң сомдон айлык алышса, жогорулатуунун биринчи этабында алардын ар бири 50 миң сомдон алышат, деп ишендирди Капаров.

 

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун айдоочулары жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы кабарланган. Алар маянаны көтөрүүнү талап кылган.