Чет өлкөгө чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун текшериши керек

Чет өлкөгө чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун алдын ала текшериши керек. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, муну “Түндүк” порталында ишке ашырууга болот.

 

Анда “Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү” кызматы онлайн режиминде жеткиликтүү.

 

Ведомство карыздарды өз убагында төлөбөө бир катар көйгөйлөрдү жарата турганын эскертет. Алсак, бересеси барларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн.