Саймалуу-Таш петроглифтеринин санариптик көчүрмөлөрү пайда болушу мүмкүн

Саймалуу-Таш петроглифтеринин санариптик көчүрмөлөрү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

 

Идеянын авторлору алардын көчүрмөлөрүн жасап, Кыргызстандын музейлерине коюуну пландоодо. Муну менен жарандар таштарды тоого чыкпастан көрө алышат.

 

Белгилеп кетсек, Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркында ондон токсон миңге чейин петроглифтер бар экени айтылып келет.