Россиядагы эмгек мигранттарынын үчтөн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн

Рублдин алсыздануусунан улам Россиядагы эмгек мигранттарынын үчтөн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. “Ведомости” гезитинин жазганына караганда, валюта курсунун өсүшүнөн улам чет элдик жарандардын тапкан кирешеси азайып, дээрлик өз өлкөсүндөгү пайда менен тең болуп калды.

 

Эксперттердин айтымында, эмгек мигранттарынын чыгып кетүүсү биринчи кезекте чекене соода, коомдук тамактануу, тазалоо, курьердик кызмат, айыл чарба өңдүү эң аз төлөнүүчү тармактарда болот.