Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Чолпон-Атага иш сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ардактуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Арипов эртең, 26-августта, Чолпон-Ата шаарында өтө турган кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 10-жыйынына катышат.