Кыргызстандын футбол боюнча Кубогунун финалы Бишкекте 16-сентябрда өтөт.
Бул тууралуу Кыргыз кесиптик футбол лигасынан билдиришти. Ардактуу кубок үчүн канттык “Абдыш-Ата” клубу менен Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” командасы күч сынашат.
Кошумчалап кетсек, Кыргызстан кубогунун учурдагы ээси – “Абдыш-Ата” клубу.