Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде 94-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 22-декабрда жарыяланды. Буга чейин биздин команда 211 команданын арасынан 95-орунда турган.
Ал эми Азиялык футбол конфедерациясынын курамына кирген улуттук бирикмелер арасында команда 46 орундан 16-сапта жайгашат. ФИФАнын мыкты үчилтиги – Бразилия, Аргентина жана Франция.