Чемпиондор лигасынын бардык жарым финалчылары аныкталды

Чемпиондор лигасынын бардык жарым финалчылары аныкталды. Биринчи жуп италиялык “Интер” жана “Милан” клубдарынан турат. Экинчи жупта оюн талаасына мадриддик “Реал” менен “Манчестер Сити” чыгат. Беттештер майда өтөт.

 

Чечүүчү оюн 10-июнда Стамбулдун Ататүрк стадионунда болот. Кошумчалап кетсек, азыркы Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү мадриддик “Реал”.