Кыргызстанда тоютту сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда тоютту сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды.

 

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилди.

 

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч жана сулууга дагы тиешелүү. Мындай чара азык-түлүк рыногунда туруктуулукту камсыздоо үчүн жасалууда.