Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу ачылды

Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкталган.

 

Билим берүү мекемесинин кошумча имаратын курууга каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн. Мектепте окуу класстары, спорт зал, акты зал жана тиешелүү техника менен жабдылган ашканасы бар.