«Санарип көчмөн» макамы 2024-жылдын ортосуна чейин узартылды

«Санарип көчмөн» макамы 2024-жылдын ортосуна чейин узартылды. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды. Аталган жобо өткөн жылы кабыл алынган жана мөөнөтү быйыл аяктамак.

 

Эске салсак, 2022-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран «Санарип көчмөн» статусун алуу үчүн кайрылган. Алардын көбү текшерүүдөн өтүп, иштөөгө укук алган.

 

«Санарип көчмөн» — Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.