Бишкекте имарат ээлери объекттин фасаддарын оңдоого милдеттендирилет

Бишкекте имарат ээлери объекттин фасаддарын оңдоого милдеттендирилет. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Манас проспектиси менен Байтик баатыр көчөлөрүндө оңдоо иштери башталган. Андан кийин жумуш Чүй проспектисинде башталат.

 

Мэр көчөлөрдө ар кандай дизайн коддору жана уруксат берилген түстөр ар кандай болорун белгиледи.