Сузакта 100дөй үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду

Сузакта 96 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду. Жергиликтүү акимчиликтен билдиришкендей, турак жайлар Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында жайгашкан.

 

«Үмүт» деп аталган шаарча облустук бийлик жана араб коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Анда турак жайлардан тышкары тигүү цехи, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары бар.

 

Үйлөр көп балалуу жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашоо-шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлдү.