Билим берүү министрлиги мектеп формасына карата талаптарды жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп формасына карата талаптарды жарыялады. Кийим биринчи кезекте классикалык болушу керек. Мектеп формасы  көйнөк, шым же юбка, пиджак, фартуктан турат.

 

Кара, көк, боз же кочкул кызыл түстөр болот. Ведомстводон белгилешкендей, мектеп жетекчилиги жана мугалимдер аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарынан бирдиктүү форманы талап кылбашы керек. Алар үстү ак, асты кара кийсе жетиштүү болот.