Эртең Бишкектин чыгыш тарабында суу болбойт

Эртең Бишкектин чыгыш тарабында суу болбойт. Мэриянын маалыматына ылайык, саат 9:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин “Учкун” кичи районунда жана ушул эле аталыштагы конушта өчүрүүлөр күтүлөт.

 

Иш-чаралар магистралдык суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу. Бул өтө татаал жана көп убакытты талап кылган процесс экени белгиленет.

 

Калк, уюмдар, ишканалар, мектептер жана бала бакчалар сууну алдын ала камдап алышы керек.