Баткен шаарында 22 чакырым кошумча жол курулду

Баткен шаарында 22 чакырым кошумча жол курулду. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, трасса Ош — Баткен — Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу машинелердин шаарды айланып өтүүсүнө шарт түзүү, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында салынды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган.

 

Ушул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 чакырымга жол кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, айланып өтүүгө болот.