Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен өтөт.
Кошумчаласак, жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 адам босого баллдан өттү. Жалпысынан тестке 902 киши катышты.