Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуу жайларга сааттык төлөм киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнтөн баштап ордо калаада унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Жумуштар тесттик режимде Токтогул — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда башталат.
Мэрия алдыда бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды электрондук система менен жабдууну пландаштырууда.