Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга чектөө дале күчүндө.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолунда түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды.
Эске салсак, кечээ трассанын 127-чакырымында көлөмү 45 миң кубометрлик кар көчкү түшүп, жол транспорттун бардык түрүнө жабылган болчу.