Суучулдар эки айда Ысык-Көлдөн 5 тоннадан ашык таштанды алып чыкты

Суучулдар ушул жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлдүн астынан 85 миң балык уулоочу тор чыгарышты.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 66 күндүн ичинде көлдүн 193 гектардан ашык аянты тазаланып, суу астынан 5 тонна 470 кг таштанды терилди.