Ошто тумандан улам Бишкек жана Стамбулга каттамдар убактылуу токтотулду

Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек — Ош жана Ош — Стамбул каттамдары жылдырылды.

 

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, азыркы учурда көрүнүү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт.

 

Каттамдардын жандангандыгы боюнча кошумча маалымат берилет.