Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады

Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады.

 

Бул тууралуу ТАСС калаанын саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып билдирет. Маалыматка ылайык, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

 

Үч адам экинчи жана үчүнчү кабаттан секирип кеткен, калгандары силкинүү учурунда үйдөн чуркап чыгып атканда жараат алган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Белгилеп кетсек, Алматада катталган жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти.