Ички иштер министрлиги жарандарды жер титирөө боюнча тастыкталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды жер титирөө боюнча тастыкталбаган маалыматты таркатуудан алыс болууга чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, катуу жер титирөө кайталанат деп түндөн бери социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүү керек, — дешти министрликтен.

 

Эске салсак, түндө очогунда 7 баллга жеткен зилзала катталды. Кыргызстанда ал 5-6 балл болуп сезилди.