Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун акыркы туруна каттоо жүрүүдө.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 22-январда башталып, эртең, күндүзгү саат 2де аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда жайгаштырылат. Алар окууга каалоосун 27-январда тастыкташы керек.