Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын башкы дипломаты Мурат Нуртлеу менен Бишкекте жолуккан учурда билдиргенин «Кабар» агенттиги жазды. Жапаровдун сапарынын так датасы айтылган эмес.

Жолугушууда ушул жылы эки өлкө башчынын төрагалыгынын алдында кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болору белгиленген.

Ушул тапта Казакстандын тышкы иштер министри Нутрлеу баштаган делегация Бишкекте жүрөт. Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташуу программасына кол койду.

ТИМдин билдиришинче, 29-январда Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Казак министри сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду.

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга былтыр ноябрда барып, Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышкан.