Өкмөт картошка менен пахтанын аянтын азайтууну сунуштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жазгы талаа иштерине даярдык көрүлүп жатканын, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом берилерин билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Маил Алияскаров 29-январда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында маалымдады.

Ал жазгы талаа иштерине даярдык көрүү үчүн жер-жерлерде штабдар түзүлүп, иш алып бара баштаганын айтты.

 

Алияскаровдун айтымында, быйыл дыйкандарга буудай, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, картошка менен пахтанын эгилген аянттарын азайтып, анын ордуна кант кызылчасын эгүү сунушталууда.

 

“Тактап айтканда, Талас облусунда төө бурчактын аянтын этап-этабы менен кыскартып, ордуна кант кызылчасы менен жүгөрүнү, Ысык-Көл облусунда картошканын аянтын азайтып, ордуна кант кызылчасынын аянтын көбөйтүүнү сунуштап жатабыз”, — деди Алияскаров.

Министрдин орун басары былтыр картошка ички муктаждыктан 180% көп болгонун белгилеп, быйыл ушул сыяктуу пландаштыруу ыкмасы сунушталып жатканын кошумчалады.

 

Алияскаров быйыл өлкө аймагында айдалбай турган жерлердин 4 миң гектар аянты өздөштүрүлүп, ал жерге тамчылатып сугаруу системасы менен кирешелүү бак өсүмдүктөрүн тигүү сунушталарын билдирди.

 

Былтыр жазында “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн билдирген.