Ысык-Көл облусунда 6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда 6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун экинчи этабында жалпысынан 82 миңден ашык абоненттин үйүндө заманбап  жабдуу пайда болот.

 

Программа Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

 

“Акылдуу” эсептегичтер электр жабдууларга күч келүүнү алдын алып, карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.