Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.  Ал эми 5 жылдан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектеп келген Азамат Исраилов кызматтан бошотулду.