Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууга коюлду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын коомдук талкууга чыгарды.

Документте никеге 18 жашка толгон гана адамдар тура алары, үй-бүлө эркек менен аялдын ортосунда гана түзүлөрү белгиленген. Никеге туруп жаткан адамдар бири-бирине ден соолугунун абалы, психикалык оорусу, алкоголдук, баңгилик жана кумар оюндарына көз карандылыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Бир адам бир гана адам менен никеге тура алат. Көп никелүүлүккө уруксат берилбейт.

Ошондой эле жети атасына чейинки түз туугандары, анын ичинен атасы же энеси бир болгондор, экөө тең соттолуп, жазасын өтөп жаткандар да никеге тура алышпайт.

Кодексте мындан тышкары балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруу, асыроочу дайындоо, багып алууга берүү укугу жергиликтүү бийликтерге берилген.

Ата-энелердин баланы багып-тарбиялоо милдети күчтөндүрүлүп, алимент төлөө беренелери оптимизацияланган.

Кодекс долбоорунун негиздемесинде жазылгандай, Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы Кыргызстанда үй-бүлө институтун бекемдөө, аял-эркектин тең укукта турмуш куруусу, үйдөгү милдеттердин тең бөлүнүшү, үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулукту болтурбоо, ата-эненин жана балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону көздөй турганы жазылган.