Жалал-Абад шаарындагы балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Жалал-Абад шаарындагы балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери 2022-жылы башталган.

 

Каражатты жергиликтүү фонддордун бири бөлүп берген. Имаратта 25 орундуу хирургиялык бөлүм, 20 орундуу травматологиялык бөлүм жана жеңил дартка чалдыккан балдарды караган бөлүм бар.