Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Бишкектин бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ага жалпысынан 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден ашуун кызматкери катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай түрдөгү 615 түп бдарак отургузулду. 61 атайын техника тартылып, 270 тонна таштанды чыгарылды.
Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:
— Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
— Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
— Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.
Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ишембиликке катышпаган адамдарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынат.