Караколдо 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти тарабынан жарыяланды.
Турак жай Ысык-Көл облусунун Кашка-Суу №14 кичирайонунда салынат.
Тендердин пландалып жаткан суммасы 300 миллион сомго жакын.
Сынактык билдирүүлөрдү тапшыруунун мөөнөтү 31-январга чейин.