Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды

Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга Экономика министрлиги чыгарды.

 

Документке ылайык, отун атайын молекулярдык маркерлер менен белгиленип, анын бар жогун атайын жабдуулар менен гана текшерсе болот. Бул күйүүчү-майлоочу материал рыногунда таза иштөөнү камсыз кылып, мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу фактыларын кыскартат деп күтүлүүдө.