Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн мэриянын укуктары кеңейтилет

Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн мэриянын укуктары кеңейтилет. Министрлер кабинетинин жыйынында муниципалитетке 1-январдан тартып абаны таза кармоо үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү чечими кабыл алынды.

 

Пилоттук долбоорго ылайык, мэрия абаны таза кармоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү айрым ыйгарым укуктарга ээ болот.

 

Эки жылдык мөөнөткө шаардагы транспортторго тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугу да бар. Белгилеп кетсек, Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирет.