«Манас” аэропорту убактылуу өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайт. Кыргызстандын ички каттамдарына жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы экинчи кабатка көчүрүлдү. Бул тейлөө сапатын жакшыртуу максатында жасалган иш-чара.
Жүргүнчүлөр каттоодон кийин биринчи кабатка түшүп, учууга чейинки кароодон өтүп, андан кийин учакка өтөт.