Бишкек жана Оштон Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылат

Бишкек жана Оштон Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылат. Эл аралык каржылык корпорация Швейцариянын жардамы менен “Манас” аэропортунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык каттамдарынын географиясын кеңейтүү артыкчылыктарын изилдеп чыгып, ар бир каттам боюнча сунуш-пикирлерин берген.

 

Натыйжада арабиялык авиакомпания менен биргеликте быйыл июнь айынан тартып Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби аба каттамын ачуу макулдашылды. Андан соң Абу-Даби – Ош каттамы ачылат.